Күздө бышат. Ашыкча салмактан арылууга жардам берчү азык аталды

Дарыгер ашкабактын өзүн гана колдонуп монодиета кармабаш керектигин белгилеген. Анткени анда органикалык кычкылдар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Күзүндө жана кыш мезгилинин башында арыктайм дегендер тамак рационуна ашкабакты кошсо болот. Бул тууралуу диетология жана диетотерапия боюнча Самара улуттук илим изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбург Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.

Адистин айтымында, бул азык бир эле учурда даамдуу, адамды ток алып жүрөт жана анда калорий аз.

"Бардык эле өсүмдүктөр мындай өзгөчөлүккө ээ эмес. Даамдуу азык, жашылчаларда адатта калорий, май, кумшекер көп болот. Ал эми ашкабакта калорий аз, анын үстүнө даамдуу дагы", — деди Гинзбург.

Бирок дарыгер ашкабактын өзүн гана колдонуп монодиета кармабаш керектигин белгилеген.

"Мындай диета кармагыла деп сунуштабайм. Анткени ашкабакта башка өсүмдүктөрдүкү сыяктуу органикалык кычкылдар бар. Алар ашказанды кыжылдатып, табитти ачат. Ошондой эле аны таштап салары менен салмак дароо кошулат", — деген адис.

Буга чейин Россиянын дарыгер-эндокринологу Екатерина Иванникова адамдын салмак кошуусуна таасир бере турчу суусундуктарды санап, алардын ордуна эмне ичүү керектигин айтып берген.