Түркиялык компания Кыргызстанда ПЦР-тест үчүн лаборатория ачат

КРдин элчиси менен түркиялык ишкананын башчысы Кыргызстанга арзан баадагы тесттерди алып келүүнү макулдашып, ошондой эле толук кандуу лаборатория салууну талкуулашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Түркиялык компания Кыргызстанда коронавируска ПЦР-тест жүргүзүүчү лаборатория ачууга даяр. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев демилгечи компаниянын жетекчиси Динчер Шен менен жолуккан. Аталган уюм генетика, маалыматтык система жана программалык камсыздоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтөт. Пандемиядан бери ишкана ПЦР-тест өндүрүп чыгара баштаган.

Элчи менен ишкана башчысы Кыргызстанга арзан баадагы тесттерди алып келүү тууралуу макулдашкан. Өндүрүш компаниясы ошондой эле кыргызстандык адистерди бир апта окутуу үчүн өзүнүн эксперттерин жиберип, тестирлөө үчүн жабдууларды берүүгө даяр. Маалыматта министрликтин андан ары кичи лаборатория түзүү пданы бар экендиги айтылган.

Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт

Элчи компания жетекчисинен Кыргызстанга толук кандуу лаборатория салууну суранган. Бул сунушка Шен макулдук билдирген. Анын компаниясы ошондой эле бир мобилдик лабораторияны жабдуулар менен камсыздоого даяр.

ПЦР-тест оорунун, анын ичинде коронавирусту диагностикалоонун жолдорунун бири болуп саналат. Анын жыйынтыгы экспресс-тестке караганда тагыраак болот. Тапшырылган тесттин жыйынтыгын алууга 1-3 күн убакыт кетет.