"Түндүк электр" миллиондоп карыз болгон 10 ишкананын тизмесин чыгарды

Электр бөлүштүрүүчү ишкана 14-сентябрга чейин карызын төлөбөгөн мекемелердин жарыгы өчүрүлөрүн эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Абоненттерден "Түндүк электр" ишканасына төлөнө элек карызынын жалпы суммасы 500,6 миллион сомду чапчыйт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компания кардарларын бересесинен кутулууга чакырат. Эгерде карыздар 14-сентябрга чейин төлөнбөсө, ишканалардын жарыгы өчүрүлөрү эскертилди.

Энергетиктерге тапшырма: жарык жана жылуулукка төлөмдөр 100 пайыз чогулсун!

Бир миллион сомдон ашык карызы бар ишканалардын тизмеси:

  • "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы — 22,9 миллион сом;
  • Мамлекеттик имараттар департаменти — 6,3 миллион;
  • Бишкек троллейбустук башкармалыгы — 2,8 миллион;
  • ЖАМКтын 36/47 мекемеси — 2,6 миллион;
  • Улуттук хирургия борбору — 2,5 миллион;
  • "Спорттук шаймандарды жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси — 2,3 миллион;
  • "Учкун" ААК — 1,9 миллион;
  • "Бета Иншаат Ятырымжылык" ЖАК — 1,9 миллион;
  • "Кыргызмебель" ААК — 1,6 миллион;
  • "Орок кыш заводу" ЖЧКсы— 1,2 миллион.