БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан кийин жүрөгү ооругандардын саны көбөйүшү ыктымал экенин Россия Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы кардиологу, "Улуттук медициналык кардиология борбору" мамлекеттик мекемесинин башчысы Сергей Бойцов “Известия” басылмасына билдирди.
Анын айтымында, бул биринчи кезекте жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүп кетишинен болот.
Адис: COVID-19дан кийинки стресс узагыраак болот
"Эгер оору өрчүп кетсе, өпкөнүн функционалдык жөндөмүн алсыратып, анын кеспети фиброзго алып келет. Ошондой эле дарыгерлер бүлбүлдөк аритмия да көбөйүп кетишин болжоп жатат. Жүрөктүн карынчактарынын жыштыгы бузулган учур көбөйүшү мүмкүн. Бирок бул бир гана жүрөктүн ишемия оорусунун фонунда кедергисин тийгизген жүрөк тканы же жүрөк кемтиги барларда болот деп ойлойм”, — деди Бойцов.
Ошондой эле ал COVID-19 атеросклерозду дагы козгоп жибериши мүмкүн деп эсептейт. Деген менен эксперт коронавирустун жүрөк-кан тамыр оорусу бар адамдарга тийгизген кесепети тууралуу бир жылдан кийин так баа берүүгө болорун айткан.