Өзбекстан президенти Мирзиёевдин кызы уулдуу болуп, ага таятасынын атын койду

Президенттин кызы Саида Мирзиёева интернет колдонуучуларга ымыркайдын сүрөтүн көрсөтүп, ойлорун кошо жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида уулдуу болуп, ага таятасынын атын койду. Бул тууралуу ал Facebook тармагындагы аккаунтуна жазды.

Мирзиёевдин кызы балдарынын ийгилигине кубанып, сүрөттөрүн жарыялады

"Канчалык оор болбосун жашоо улана берет. Адамдар үйлөнүп, балдар төрөлөт. Биздин үй-бүлөгө да баш кошулуп, кичинекей Шавкатик, биздин күнүбүз төрөлдү. Аны менен көптөн бери тааныш болбосок да, сүйүүбүз абдан күч. 24 саат бою биргебиз. Бул кандай экенин энелер билет", – деп жазган Мирзиёева.

Эске салсак, президенттин улуу кызы Саида Мирзиёева Ойбек Турсуновго турмушка чыккан. Алардын Миромон аттуу уулу, Саодатхон аттуу кызы бар.