Онлайн окуу: сабагын калтырган окуучулар тыкыр көзөмөлгө алынат

Бийлик өкүлдөрү менен милиция аралыктан окуу боюнча сабактарды калтырган окуучуларды, балдарынын онлайн билим алуусуна мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөрдү аныкташат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери онлайн окуунун ордуна башка иштер менен алектенип жүргөн балдарды аныктоо боюнча иш жүргүзөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мектептерде биринчи класстын окуучулары гана салттуу форматта билим алышат. Калган окуучулар эпидемиологиялык абалга карата үйүнөн, аралыктан окушат.

ИИМден билдиргендей, мектеп жашындагы балдар жүргөн коомдук жайлар, базар, короо жайларда атайын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Онлайн окуу: сабагын калтырган окуучулар тыкыр көзөмөлгө алынат

Мамлекеттик органдар ата-энелер балдарын онлайн режиминде билим алууга канчалык үндөгөнүн аныкташмакчы. Бийлик ошондой эле жашоо-шартына байланыштуу балдарын аралыктан окутуу үчүн смартфон, сыналгы менен камсыз кыла албаган үй-бүлөлөрдү да аныктайт.

Үйдө өмгөктөп окуган балдар. Министрлик сүрөттүн чоо-жайын тактап жатат

ИИМдин маалымат кызматы жиберген сүрөттө бир окуучу баланы унаа жуучу жерден табышканын көрүүгө болот. Милиция ал бала ошол жерде иштеши да мүмкүн экенин божомолдойт.

Министрлик көп балалуу үй-бүлөлөргө материалдык жардам, сезондук кийимдер, азык-түлүк жана канцелярдык буюм-тайымдар берилгенин билдирген.

Кыргызстанда мындай иш-чараларды өткөрүүгө эки миңден ашык милиция, бир миңден ашык социалдык педагогдор, психологдор, жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар иштери боюнча комиссиянын, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү тартылган.