Чаткалда беш көчөнүн жолу оңдолуп жатат. Боронов ишти көрүп чыкты

Транспорт министрлиги быйыл Жалал-Абад облусу боюнча ички каттамдагы 34 чакырым жол оңдолуп жатканын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы ички жолдорду реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Өкмөт башчы президенттин аймактарды өнүктүрүү демилгесине ылайык, райондордун борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп жатканын белгилеген.

Боронов эки күн Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорун кыдырат

"Каныш-Кыя айылындагы беш көчөнүн жолу реконструкцияланган. Натыйжада каттамдар кеңейтилип, кум, шагыл төшөлүп, асфальтталды. Учурда белгилерди орнотуу жана жол чиймесин чийүү иштери жүрүп жатат. Район борборундагы жолдор 1980-1985-жылдары курулган, андан бери капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлгөн эмес", — деп маалымат берген Транспорт министрлиги.

Ошондой эле быйыл Жалал-Абад облусу боюнча ички каттамдагы 34 чакырым жол оңдолуп жатканын белгиледи.