COVID менен ооругандар Баткенде арбып жатат. Кечээ өлкөдө 77 адам жуктуруп алды

COVID-19ду жугузуп алгандар мурдагы күнгө караганда кечээ алты кишиге көп болгону байкалды. Саламаттык сактоо министрлиги элди оорудан сактанууну эскертүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстан өткөн суткада коронавирустан 144 адам айыкса, кайра 77 киши вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ал эми облустар боюнча ала келгенде коронавирус менен ооругандар Баткен облусунда көп болууда.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):

  • Бишкек – 54;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 6;
  • Нарын облусу – 3;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 33;
  • Баткен облусу – 24.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 17;
  • Ош – 3;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу - 9;
  • Талас облусу - 1;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 19.