Чек арада жети тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Сүрөт

Мамлекеттик чек ара кызматынан баңги затка кирген өсүмдүк чек араны бойлой эки облуста эгилгендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жалал-Абад менен Баткен облустарындагы мамлекеттик чек арага жакын жерде 7,2 тонна кара куурай жок кылынды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Чек арада жети тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Сүрөт

Жалпы аянты 6,5 гектарга жеткен кара куурайды чек арачылар 9-10-сентябрда табышкан.

Бул фактыны алгач комиссия изилдеп чыгып, андан соң табылган баңги зат чөптөрү жок кылынган.