Жээнбеков Кара-Сууга барып пахта талаасын кыдырды. Сүрөт

Мамлекет башчы пахтаны жөн гана сатпастан, аны кайра иштетүүнү жана продукция өндүрүүнү камсыз кылуу керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы өндүрүштүк жана үрөн кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков кооперативдин базасын жана пахта талаасын көрүп чыкканы айтылат.

"Биз азыр айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүнү колдоого өзгөчө көңүл буруп жатабыз, узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар дыйкандарга жеткиликтүү. Ошондуктан муну менен катар биз пахтаны жөн гана сатпастан, аны толугу менен кайра иштетүүнү жана продукцияны өндүрүүнү камсыз кылышыбыз керек", — деп айткан Жээнбеков жергиликтүү дыйкандар менен баарлашып жатып.

Мамлекет башчы жеңил өнөр жайдын өнүгүшү жана аймактарда жаңы текстиль фабрикаларынын курулушу менен пахтага болгон суроо-талап жогорулай турганын баса белгиледи.

Дыйкандар муну эске алуу менен өнөр жайдын муктаждыктарын жабуу үчүн эгилген пахтанын көлөмүн көбөйтүшү керек. Буга байланыштуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана жергиликтүү бийлик органдарына бул багытта максаттуу иштерди алып баруу сунушталды.

Оштогу кыргыз-өзбек биргелешкен ишкана кир жуучу машиналарды экспортко чыгарат

Кооперативдин жетекчиси Рустам Тажибаев бул жайдан жашылча-жемиш, бакча өсүмдүктөрүн, тамыры азык жана түймөк тамырлуу өсүмдүктөрүн өстүрөрүн айткан.

Ошондой эле пахта жана буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн өндүрөт. Үрөнчүлүк кооперативине 121 гектар сугат жер бөлүнүп, ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн жеңилдетилген каражаттар берилген.