БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен трассада эки велосипедчен адамды коюп кеткен айдоочу сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Чүй облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, өкүмдү кечээ, 9-сентябрда, Сокулук райондук соту чыгарган.
"Айдоочу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Өкүмгө ылайык, айыпкер кырсыктан каза болгон Евгений Требунскийдин үй-бүлөсүнө 286 миң сом кенемте жана 300 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ал эми Илья Сидоровдун жакындарына 194 миң сом кенемте жана 300 миң сом моралдык чыгым бериши шарт", — деп айтылат маалыматта.
Талас облусунун башчысынын велосипедченди сүзүп кеткен кеңешчиси 2 айга камалды
Белгилей кетсек, 30-июнда Камышановка айылынын Т.Ж. аттуу 39 жаштагы жашоочусу Audi C4 машинасы менен Бишкектин эки тургунун коюп кеткен. 46 жаштагы Илья Сидоров жана 44 жаштагы Евгений Требунский аттуу жарандар каза болуп калган. Автоунаа дагы, велосипедчендер дагы шаарды көздөй келе жаткан. Кийинчерээк айдоочу мас абалында баратканы белгилүү болгон.