Министрлик баштапкы протокол менен азыркы протоколдун айырмачылыгын айтып берди

Ибраеванын айтымында, 4-протоколду иштеп чыгууда адистер буга чейинки кемчиликтерди, тажрыйбаны эске алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгындагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева коронавирусту дарылоо боюнча жаңы иштелип чыккан 4-протокол менен 3-протоколдун айырмачылыктарын брифингде айтып берди.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча протоколдун төртүнчү версиясын бекиткен.

Ибраеванын айтымында, 4-протоколду иштеп чыгууда адистер буга чейинки кемчиликтерди, тажрыйбаны эске алышкан.

COVID: августта иштеген медиктердин кошумча маянасына 269,2 млн. сом бөлүндү

"Жаңы протоколдо пневмония оорусунун коду бекитилди. Мындан сырткары, амбулатордук жана стационардык дарылоо ыкмасы эки башка болуп жазылды. Мисалы, оору жеңил формада болсо, ал амбулатордук шартта өзүнчө ыкма менен дарыланат. Баш-аягы жаңы протоколго алгоритмдин жети түрү жазылган. Анын бири  — ооруп айыккандан кийин реабилитациялоо алгоритми. Ошондой эле 4-протоколго дексаметазон жана интерлейкин-6 дарылары киргизилген жок. Баштапкы колдонмодо 56 дары-дармек жазылса, бул сан эми 80ге көбөйдү", — деди Ибраева.

4-протоколдо жазылган алгоритмдерди Республикалык штаб жарыялады:

  • Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;
  • Балдарды дарылоо боюнча;
  • Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн;
  • Амбулатордук дарылоо боюнча;
  • Кайра калыбына келтирүү (реабилитация).

Жалпысынан COVID-19 жуктургандардын саны 44 684кө жетсе, анын ичинен 40 487 бейтап ооруну жеңди. Тилекке каршы, оору 1063 адамдын өмүрүн алган.