Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылууда. Сүрөт

Ош шаарына түшө турган айланма жол боюнча тиешелүү адистер тарабынан алгылыктуу эки вариант иштелип чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылып жатат. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов пландалып жаткан жаңы курулуш боюнча Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна жасаган сапары учурунда айтканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Бейшеновдун маалыматы боюнча, Ош-Бишкек трассасында автотыгынды азайтуу максатында Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылып жатат. Калаага түз кирүүчү жолду куруу боюнча иликтөөлөрдүн негизинде адистер тарабынан эки алгылыктуу вариант иштелип чыккан, алар Экономика министрлигинин кароосуна жиберилген", — деп айтылган.

7 миң киши жумуш менен камсыз болот. Ошто текстиль фабрикасы курулуп жатат

Маалымат кызматынан тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган долбоорду кароону ыкчамдатууга жана жакынкы мезгилде курулуш иштерин баштоого сунуштама берилгендигин кошумчалашты.