Кардашьянды туураган РФтин эң сулуу стюардессасы элдин көз жоосун алды. Сүрөт

25 жаштагы Алена Глухова "Россия" авиакомпаниясында стюардесса болуп иштейт. Ал буга чейин борт коштоочулар арасында өткөн дүйнөлүк сынакта экинчи орунду алган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россиядагы эң келишимдүү стюардесса катары таанымал Санкт-Петербургдун борт коштоочусу Алена Глухова америкалык тележылдыз Ким Кардашьяндын образын тууроо менен социалдык тармактагыларды суктандырды.

Сүрөттөн Глухова теринин өңүндөй боди кийип, чачын байлап, Голливуд жылдызындай боёнуп алганын көрүүгө болот.

"Кадрды кызуу кезинде жүктөп коюу керек, кийин кызыгы тарап кетет. Кандай түшүптүрмүн? Кардашьянга окшошуптурмунбу?" — деген борт коштоочу.

Интернетте стюардессага көз арткандар көбөйүп, "Кимден дагы сулуу болуптурсуз", "Албетте, Кардашьянга окшошуп кетет экенсиз, бирок сиз андан дагы сулуу экенсиз", "Аябай татына экенсиз, келишимдүү балдар төрөлөт" деп жазышкан.

Тери оорусуна кабылган Кардашьян дартынын белгилерин көрсөттү. Сүрөт

25 жаштагы Алена Глухова "Россия" авиакомпаниясында стюардесса болуп иштейт. Ал буга чейин борт коштоочулар арасында өткөн дүйнөлүк сынакта экинчи орунду алган.

Кыз Instagram баракчасын активдүү иштетип, белгилүү адамдардын образын туурап калат. Өткөндө Анжелина Жолинин "Малефисента" тасмасындагы жүзүн элге тартуулаган.

Анын Instagram баракчасына 365 миң киши жазылган.