БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жума күнү, 11-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жер планетасына дагы бир астероид жакындап келе жатат
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +21…+26 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы борборубуз Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +31...+33 градуска көтөрүлөт.