Оштогу кыргыз-өзбек биргелешкен ишкана кир жуучу машиналарды экспортко чыгарат

Бүгүн мамлекет башчы Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында ишканага барып ишмердүүлүгү менен таанышты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Анжиян айылында тиричилик техникаларын чыгарган кыргыз-өзбек биргелешкен "Артель электроникс" ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 10-сентябрда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда 2022-жылы газ плиталарын, ал эми 2023-жылдан тарта телевизор менен муздаткычтарды өндүрүү мерчемделип жатканын айтышкан.

"Бүгүнкү күндө ишканада 105 адам иштеп жатат, жумуш орундарынын санын 200гө жеткирүү пландалган. Бул жерден айына 900дөй кир жуучу машина чыгат, айына сатуу көлөмү 3 миллион сомду түзөт. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, келечекте экспортко чыгаруу пландаштырылган", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков Кыргызстан жакынкы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ат-Башыдагы сүт заводу ферма ачып, жылына 200-300 тонна сыр өндүрөт

Ошондой эле ал эмгек жамаат менен баарлашууда корпоративдик башкаруунун япон стилин мисал келтирип, анда бардык кызматкерлер ишканага өздөрүнүн жеке мүлкүндөй мамиле жасашарын айткан.