Ливандагы Кызыл ай коомунун директору жергиликтүү OTV каналына Бейруттун асманын каптаган кара түтүн менен кызыл жалын порт аймагында болгонун айткан. Ал ири өрт таштандыны жакканда болгондугун кошумчалаган.
Кыйраган үйлөр, сапырылган шаар... Бейруттун асмандан азыркы көрүнүшү
Ливан ЖМКлары өрт Duty Free аймагындагы кампалар тарабынан чыккандыгын да жазышты. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр менен жалынды чектей турган аскер күчтөрү келген.
Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат чыккан жок.
Эске салсак, Бейрутта мындан бир айга чукул мурда ири жарылуу болуп, ал адам өмүрүн алып, андан сырткары өлкөнү бир топ экономикалык зыянга кептеген.