Ысык-Көлдө трассаны суу жырып, жарактан чыгарды. Сүрөт

Бузулган жолду калыбына келтирүү үчүн атайын техникалар жеткирилген. Автоунаалардын ары-бери катташына убактылуу чектөө коюлган.
Sputnik

Бишкек, 9-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагындагы Каракол — Эңилчек трассанын бир бөлүгүн суу жырып, жууп кетти. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындан улам жолдун 95-100-чакырымдарындагы бөлүгү жарактан чыккан. Министрлик тарабынан берилген сүрөттө асфальт жолдун бир жак бөлүгүн суу агызып кетип, жарактан чыкканын көрүүгө болот.

Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Жерине экскаватор, эки бульдозер, жүктөгүч жана оор жүк ташуучу техника тартылып, калыбына келтирүү аракеттерин көрөт.

Трассада жол каттамы токтотулган.