Коронавирустан 178 киши айыгып, 87 адам жаңыдан жуктуруп алды. Статистика

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 613 болсо, анын 40 336сы айыгып чыкты. Бүгүн Таласта бир адам каза таап, жалпы көз жумгандардын саны 1 063 болду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстнда коронавирустан 178 киши сакайып, кайра 87 адам вирус жуктуруп алганын Республикалык штаб кабарлады.

Кечээтен бери айыгып чыккандар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 88;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 15;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 26.

Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен эми жөнөкөй элди эмдөө башталат

Ал эми вирус жуктуруп алгандардын көрсөткүчү мындай болду:

  • Бишкек - 27;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 8;
  • Ош облусу - 11;
  • Талас облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу - 17.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 613 болсо, анын 40 336сы айыгып чыкты. Бүгүн Таласта бир адам каза таап, жалпы көз жумгандардын саны 1 063 болду.

Азыркы тапта ооруканаларда 535 адам бар, дагы 2 373 бейтап амбулатордук дарыланууда.