Чүйдөгү каналга унаасы менен түшүп кеткен эки киши изделип жатат

Окуя кечээ кечинде болгон. Куткаруучулар Дачное айылындагы каналга Nissan Cefiro унаасы менен кошо түшүп кеткен аял менен эркекти издеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда автоунаасы менен сууга түшүп кеткен эки киши изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жайылда каналга түшүп кеткен үч жашар кыздын сөөгү 10 күндөн кийин табылды

Окуя 8-сентябрь күнү саат 21:10 чамасында болгон. Анда Дачное айылындагы каналга Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Автокөлүктүн ичинде бир эркек менен бир аял болгон.

Издөө иштерине ӨКМдин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери тартылды. Жоголгондорду издөө уланууда.