БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек калаасында BMW автокөлүгү бакты сүзүп, айдоочу ошол жерден каза тапты. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Окуя түндө, саат 23:58де, 7-апрель көчөсүндө болгон. Кайгуул милициясынын билдиргенине караганда, 33 жаштагы айдоочу автоунаасын башкара албай калып бакты сүзгөн.
Бишкек: Subaru күү менен келип, капысынан эле аңтарылып калды. Видео
Айдоочунун жанындагы киши жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Башкармалыктан кырсык боюнча тиешелүү экспертиза дайындалгандыгын билдиришти.