Кыргызстанга автолорду мыйзамсыз алып кирген схема ачыкталды

Бажы кызматы аталган схема Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийин пайда болгонун белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз алып кирген эл аралык кылмыштуу схема ачыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматта автону каттатуу үчүн жасалма документтер пайдаланылганы айтылат. Жалпы жонунан бул иш боюнча 113 материал катталды.

Кылмыштуу аракеттерден мамлекеттик бюджетке 258 миллион 544 миң 354 сом зыян келтирилген.

Бажы кызматы мындай схема Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп кошулгандан кийин пайда болгонун белгилөөдө.

Транспорт министрлигинин 12 кызматкери кармалды. Арасында жетекчи да бар

Автону үчүнчү өлкөлөрдө сатып алгандан кийин топтун мүчөлөрү интернет аркылуу унаанын идентификациялык номерлерин ЕАЭБ мамлекеттеринде жүргөн шериктерине жөнөтүп турушкан. Алар өз кезегинде транспорт каражатын каттоо тууралуу жасалма күбөлүк даярдашкан.

Андан кийин Кыргызстанга жөнөтүлгөн "документтердин" негизинде кызматтагы адамдар автону дээрлик текшербей туруп каттоодон өткөрүп, мамлекеттик номер жана транспорт каражатынын катталганы тууралуу күбөлүк алып берип турушкан.

Мындан соң мамлекеттик номер менен күбөлүк үчүнчү өлкөдө жүргөндөргө жөнөтүлгөн. Кыргызстандын номерин жана техникалык паспортун алган машиналар ЕАЭБ аймагында кенен-кесир жүрө берген.

Иликтөө учурунда өлкөгө киргизилген айрым унаалар атайын дайындалган адамдарга же абакта отургандарга катталган учурлары да кездешкени айтылат.

Бул иш менен Финансы полициясы алектенүүдө.