Үйдө өмгөктөп окуган балдар. Министрлик сүрөттүн чоо-жайын тактап жатат

Сүрөттөн башталгыч класстын 20га чукул окуучусу үйдө китеп, дептерин астына коюп жазып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Социалдык тармакта аралыктан окута албаган мугалим окуучуларды үйүнө чакырып сабак өтүп жатат деген жазуу менен сүрөт тарады.

Бул кадр Баткен облусунда тартылганы айтылууда. Сүрөттөн башталгыч класстын 20га чукул окуучусу үйдүн ичинде салынган төшөккө отуруп, китеп, дептерин астына коюп жазып жатканын көрүүгө болот.

Онлайн окуу: ата-эне, окуучуларга жардам көрсөтчү ыкчам номерлер жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы соцтармакка чыккан сүрөттүн чын-төгүнүн тактап жатканын билдирди. Баткендин билим берүү башкармалыктарына жана башка аймактарга да тапшырма берилгени айтылат. Эгер аныкталса, чоо-жайы тууралуу маалымат берүүнү убада кылды.