UFC "Мушкерлер аралында" 5 мелдеш өткөрүп, бирине Хабиб Нурмагомедов чыгат

Мелдештер ар бир аптанын ишемби күнүндө өтүп, Хабиб Нурмагомедов жана Жастин Гэтжинин чемпиондук кур үчүн болгон беттеши менен аяктайт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. UFC уюму сентябрдын аягынан октябрдын соңуна чейин Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралы" спорттук жайында беш мелдеш уюштурат. Бул тууралуу белгилүү журналист Бретт Окамото ESPN телеканалына жазды.

Анын маалыматы боюнча, мелдештер ар бир аптанын ишембисинде өтүп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жана америкалык Жастин Гэтжинин чемпиондук кур үчүн болгон беттеши менен аяктайт.

"UFC кайрадан Абу-Даби шаарындагы Яс аралына келип, 26-сентябрдан 24-октябрга чейин беш мелдеш өткөрөт", — деп билдирет ESPN.

АКШлык мушкер 9-майда Тони Фергюсонду мөөнөтүнөн мурда жеңип, жеңил салмактын утурумдук чемпиону наамын алгандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон.

Алгачкы жолу! UFC эже-сиңди Шевченколорду бир турнирде октагонго чыгарат

Мелдештер сериясынын алгачкысы UFC 253 болмокчу. Анда орто салмактын чемпиону Исраэль Адесанья менен Пауло Коста октагондо кезиккени мелдештин башкы беттеши болот.

 "Мушкерлер аралын" түзүү идеясын UFC уюмунун президенти Дана Уайт май айында айткан. Мындай чечим коронавирус пандемиясынан улам мелдештер токтотулган тушта кабыл алынган. Мушкерлер аянты Яс жасалма аралына жайгаштырылган. Июль айында бул аралда төрт мелдеш өткөрүлгөн.