Месси "Барселона" менен машыгууга чыкты. Видео

Команда менен чогуу машыгууга киришүү үчүн спортчу жекшемби күнү коронавируска карата тест тапшырып, анысы таза чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. "Барселона" клубунун футболчусу Лионель Месси жалпы команда менен машыгууга келди. Бул тууралуу команда кечээ өзүнүн Twitter баракчасында маалымдап, футболчунун топ менен ойноп жаткан видеосун жарыялаган.

​Лионель Месси каталониялык клуб УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында германиялык "Бавария" клубунан ири эсепте утулуп, мелдештен четтегенден кийин командадан кетүүнү чечкен.

Футзал: мыкты дарбазачы Акматалиев Россиянын "Волгарь" клубуна өттү

Кийинчерээк бул маалыматты клуб да тастыктаган. Аргентиналык футболчунун "Манчестер Сити" клубуна өтүү ниети бар экенин ЖМКлар жазса, чабуулчуга франциялык "Пари Сен-Жермен" жана италиялык "Ювентус" да кызыкдарлыгын билдирген.

Бирок клуб менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Мындан улам 4-сентябрда Месси келишим боюнча 2021-жылга чейин командада калып, "Барселона" үчүн ойной турганын билдирген.

Чабуулчу өткөн аптада машыгууга катышкан жок. Жалпы команда менен машыгууга киришүү үчүн жекшембиде спортчу коронавируска карата тест тапшырып, анысы таза чыккан.