Кыргызстанга COVID-19ду аныктоочу тесттердин көбүн Россия берди. Инфографика

Россия алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө бир миллиондон ашык тест-система берген. Аларды эң көп алгандардын сап башында Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения турат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik, Алексей Стефанов. Россия дүйнөнүн 39 мамлекетине коронавирусту аныктоо үчүн бир миллиондон ашыгыраак тест жөнөттү. Анын 66 пайызын КМШ, Абхазия жана Түштүк Осетия алганын Sputnik агенттигинин кабарчысына Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматынан (Роспотребнадзор) билдиришти.

Кыргызстанга COVID-19ду аныктоочу тесттердин көбүн Россия берди. Инфографика

Дүйнөнүн ар тарабындагы медициналык мекемелер Россиядан 1 066 200 изилдөөгө 10 662 топтом, 1 054 700 изилдөөгө 737 200 реагент алышты.

Жакынкы чет өлкөлөрдүн ичинен COVID-19ду аныктоо боюнча тест-система, реагент, өткөрүү пунктуларына коюлчу термометр сыяктуу гумжардамдын эң көбү Кыргызстанга берилди. Тагыраагы, 157 000 изилдөө үчүн 1 570 топтом, реагенттер жана дене табын аралыктан ченөөчү 10 жабдуу жөнөтүлгөн. Экинчи орунда Түркмөнстан, бул мамлекетке Россия 138 500 изилдөөгө 1 385 топтом жана реагент берди. Үчүнчү орунда Армения, 100 000 изидөөгө 1 000 топтом, 128 500 изилдөөгө реагент берилген. Ошондой эле дене табын аралыктан ченөөчү жети жабдуу жеткирилген.