Токиодо Олимпиада 2021-жылы коронавируска карабай өтө турганы айтылды

Июлдун аягында Эл аралык олимпиада комитети Токиодогу мелдешти коронавирустан улам көрүүчүлөр жок өткөрүү маселесин карап жатканы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 2021-жылы Токиодо Олимпиада оюндары коронавирус кырдаалына карабастан өтөт. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин вице-президенти Жон Коутс билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

"Олимпиада коронавирус шартында деле, ансыз деле өтөт. Оюндар кийинки жылдын 23-июлунда башталат", — деген Коутс.

Ал коронавирусту жеңүү кийинки жылдары өтчү мелдештердин негизги темасы аталып калышы керек деп эсептейт.

Июлдун аягында Эл аралык олимпиада комитети Токиодогу мелдешти коронавирустан улам көрүүчүлөр жок өткөрүү маселесин карап жатканы айтылган.

Токио-2021дин программасы чыгып, Айсулуу 3-августта күрөшмөй болду

24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган. Муну менен тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөрмөй болду.