Эми Бишкек шаарында жерди ижарага алуу иштеринин баары электрондук режимде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүкөн, дарыкана же башка багытта борбор калаадан ижарага жер алып иштетүүнү каалагандар шаар мэриясына электрондук түрдө билдирүү калтыруу менен кайрыла алышат.
"Бишкекте жерди ижарага берүү иштери толугу менен электрондошту. Эми ижарачылар мурдагыдай болуп мэрияга келип отурбай, онлайн-билдирүү калтыра алышат. Мындан сырткары, ижарага берүүнү чечүүчү комиссиянын иши да биздин башкармалыктын социалдык тармактагы баракчалары аркылуу онлайн өтүп турат. Демек, каалаган адамдын баары муну көрө алат. Бул өз убагында ачыктыкты камсыздайт. Ошондой эле шаардагы бардык күркө, дарыкана, дүкөндөргө QR-код берилет. QR-коду бар ижарачылар атайын тиркеме аркылуу эле тиешелүү документ иштерин бүткөрө алат. Аларга мурдагыдай болуп ар багыттагы текшерүүлөр келбейт", — деди Сагындык уулу.
Ал жерди ижарага алууну каалагандар QR-код үчүн аталган мекемеге өздөрү кайрылуусу шарт экендигин кошумчалады.