Англиянын футболчулары мейманканага кыз чакыра коюп, командадан куулду

Фоден менен Гринвуд улуттук командага жаңыдан кошулганын белгилөө үчүн мейманканага кыздарды алып келгени ачыкка чыгып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Англиянын футбол боюнча командасынын оюнчулары Фил Фоден менен Мейсон Гринвуд Рейкьявик шаарында мейманканага кыздарды чакырганы үчүн улуттук курама командадан чыгарылды. Бул туурасында The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Окуя 5-сентябрда Исландия өлкөсүнө барып, коноктук беттешүү өткөргөндөн кийин болгон. Фоден менен Гринвуд улуттук командага жаңыдан кошулганын белгилөө үчүн мейманканага кыздарды алып келген. Муну менен алар пандемия маалындагы обочолонуу эрежесин бузушкан. Кыздардын бири мейманканадан тартылган видеону соцтармакка чыгара коюп футболчулардын абийирин ачып салган. 

​Англия командасынын оюнчулары Исландияга келгенден кийин башка чет өлкөлүктөр сыяктуу эки жума карантинге алуу эрежесинен бошотулган болчу. Ошондуктан аларга мейманканадан сырттагы адамдар менен байланышууга тыюу салынып, машыгуу залына гана барууга уруксат берилген.

Криштиану Роналду трибунада бет кабы жок отурганда стюард келип тактырды

Бул маалымат ЖМКларга тарап кеткенден кийин башкы машыктыруучу Гарет Саутгейт окуянын каарманы болгон эки оюнчу курамдан чыгарылганын жана Дания командасы менен болгон Улуттардын лигасы беттешине катышпай турганын билдирди.

Англиянын Футбол ассоциациясы Фоден менен Гринвудга карата тартиптик иликтөөсүн баштаганы маалымдалды. Аларга карантин эрежесин бузганы үчүн 250 миң Исландия крону (1800 доллар) айып салынышы мүмкүн экени айтылат.