Үйүнөн автоунаа айдап чыккан 30 жаштагы жигит дайынсыз жоголду. Сүрөт

Ал 4-сентябрь күнү саат 20:00дөр чамасында күмүш түстүү Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаасын айдап чыккан бойдон кайтып келген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын 30 жаштагы тургуну Кайрат Жумабек уулу изделип жатат. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Үйүнөн автоунаа айдап чыккан 30 жаштагы жигит дайынсыз жоголду. Сүрөт

Маалыматка караганда, ал 4-сентябрь күнү саат 20:00дөр чамасында күмүш түстүү Toyota Camry (номери 09KG 919ABI) үлгүсүндөгү автоунаасын айдап чыккан бойдон кайтып келген эмес.

"Ошол бойдон кайда экени белгисиз. Бою 165-170 сантиметр, көздөрү кара, кыска сакалы бар”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кайрат Жумабек уулу тууралуу көргөн-билгендер (0551) 04-02-02, (0707) 04-02-02, (0555) 34-79-94 же (0312) 26-62-61 номерине билдирип койсо болот.