Жыга чапты. Капыстан калысты топ менен уруп алган Жоковичтин видеосу

Окуя АКШнын ачык чемпионатында болгон. Теннисчи адегенде жеңилип баратканына жинденип, топту корттон сыртка уруп салган. Ал топ калыска тийип, айым кулап түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Мыкты теннисчи Новак Жокович АКШнын ачык чемпионаты мелдешинен четтетилди. Биринчи ракетка спортко терс келген аракети үчүн ушундай жазага кабылганын CNN телеканалы жазды.

​Чырдуу окуя кечээ Жокович испаниялык Пабло Карреньо-Бусты менен болгон беттеш учурунда болду. Серб теннисчиси адегенде жеңилип баратканына жинденип, топту корттон сыртка уруп салган. Ал топ сызыкты көзөмөлдөгөн калыска тийип, айым кулап түшкөн.

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

​Жоковичтин бул жоругу үчүн уюштуруучулар аны мелдештен четтетүүнү туура көрүшкөн. Мындай чечимдин кабыл алынышына теннисчинин беттештин жүрүшүндөгү бир канча агрессивдүү аракеттери себеп болгон.