БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Республикалык ыкчам штаб сентябрь айынын аягынан тарта өлкө аймагында гриппке каршы эмдөө башталарын эске салды.
Вакцинанын негизги максаты — өлүмдү жана вирустун өрчүп кетишинин алдын алуу.
"Гриппке каршы вакцина сатып алынды, ал этап-этабы менен ноябрга чейин алып келинет. Калкты эмдөө сентябрь жана ноябрь айларынын соңуна чейин жүргүзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Препараттар республиканын бардык облустары боюнча бөлүштүрүлүп, эмдөө иштери бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жасалат.
Бул вакциналар толугу менен акысыз түрдө тобокелдик тобуна кирген жарандарга сайылат. Мисалы, өнөкөт оорусу барлар, тез ооруй бергендер, кош бойлуу аялдар, балдар үйүндөгү бөбөктөр, кары-картаңдар жана медиктер. Эгер кошумча вакцина келип, тобокелдик тобунан ашып калса, калкты тейлөө тармагындагы милиция, мугалим, айдоочу, почта кызматкерлери сыяктуу адистерге сайылат.
COVID-19га каршы вакцинаны алууга кантип даярдануу керектиги айтылды
Өз каалоосу менен алгысы келген жарандар үчүн Бишкекте атайын уруксаты бар жеке клиникалар вакциналарды алып келип сайышат. Жыл сайын мындай кызматтарды "Цадмир", "Кроха", "Малыш", "Гиппократ", "Поликлиника 312", "Доктор Kg" жана Бишкек шаарындагы №6, 8 үй-бүлөлүк медициналык борборлору көргөзүп келет.
Ошондой эле быйыл Ош шаарында дагы "Андрос", Кg, "Касиет", "Медальюкс", "Здоровье +" жеке клиникаларында эмдөө жүргүзүү пландалууда. 2019-жылы вакцинанын бир дозасынын орточо наркы 600-650 сомду түзгөн.