Кыргызстанда коронавируска массалык түрдө кабылуунун экинчи толкуну жазында – илдет өлкөгө жаңы келген кезде эле айтыла баштаган. Бирок калк башынан кечирген апааттан кийин бул маселе талкууга көп түшчү болду.
Кыргызстанда бул илдеттин кайрадан күч алышы туурасында салмактуу булактар эмне дейт? Биз андай кооптонууга байланышкан маалыматтарды топтоп чыктык.
Өкмөт улам эскертүүдө
Эң соңкуларынан премьер-министр Кубатбек Бороновдун билдирүүсүн атасак болот. Республикалык штабдын 3-сентябрдагы жыйынында өкмөт башчы адистердин айткандарына таянып, ушул айдын аягында эл кайра массалык түрдө оорушу мүмкүн экенин билдирди.
Ошону менен бирге эле Боронов ага кимдин айыптуу болорун да боолголоого тырышты.
"Калкыбыздын өз саламаттыгына азыркыдай кайдыгер мамилеси менен сентябрдын аягында илдет массалык түрдө кайра капташы ыктымал. Бул көбүнесе коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбагандыгына, ал эми кафе жана ресторандарда эл толтура болушуна байланыштуу. Жарандар той-салтанат өткөрүп, куран окута башташты. Кафе жана ресторандардын ээлери 3 миң сом айып төлөп коюп кардарларын бейкапар кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип турганы түшүнүктүү, бирок COVID-19га калктын кайрадан жапырт кабылышына жол бере албайбыз", — деп билдирген премьер.
КРде балдар пневмониясын дарылоого протокол даярдалып, 2000 керебет коюлду
Боронов андай кырдаалдын алдын алуу үчүн кафе-ресторандарда той-топурду өткөрүүгө жазаны катуулатып, ал эми адамдар көп топтолгон жерлерде, ошондой эле транспортто рейдди күчөтүү керектигин белгилеген.
Медицина тармагындагы аткаминерлер да ушундай эле пикирде. Алардын айтымында, аткаруу бийлиги элдин эстүүлүгүнөн үмүт артат. Өкмөттөгүлөр жарандардын көбү дүкөнгө кирип-чыгыш үчүн гана бет кап тагынымыш этип каларын эске алары белгисиз. Ошондой эле жүргүнчүгө жык-жыйма толгон маршруттук таксилерде социалдык аралык кантип сакталары да түшүнүксүз.
Илим
COVID-19 салыштырмалуу толук изилдене элек вирус болгондуктан бирдиктүү божомол жок. Ынанымдуурак булак — Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму. Ал деле коронавирус сезондук ооруга айланарын айтууда. Ошондуктан ага каршы алдыдагы жарым жылга коюлган негизги принциби – ооруну жапырт жуктурууга жол бербөө. Антпесе саламаттык сактоо тутумуна чоң күч келет.
Коронавирустун экинчи толкуну эмнеси менен кооптуу? Каратаевдин жообу
Өкмөткө эми карантиндик чараларды, жергиликтүү медицинанын мүмкүнчүлүктөрүн жана экономикадан түздөн-түз көз каранды болгон жарандардын абалын тең салмактоого туура келет. Мисалы, илдетке кабылгандардын саны өсүп кетсе карантин киргизүүгө мажбур болот. Бирок ишкердик активдүүлүктү да катуу чектей албайт, болбосо эл вирустан эмес, акчанын тартыштыгынан жабыр тартат. Медицина андай күчтү көтөрө албагандыктан карантинден да кача албайбыз.
Саламаттык сактоо уюму эпидемияга каршы чаралар натыйжалуу айкалыштырылса, анда обочолонуудан кутулууга болорун айтат. Башкысы — массалык иш-чараларды өткөрбөй, тобокел тобундагы жарандарды коргоо зарыл.
Медицинанын камылгасы
Эгер экинчи толкун башталып кетсе, медицина вирусту "куру кол" тоспойт. Дарылоо ыкмалары сыналды, жарым-жартылай инфраструктура да чогулду. Күндүзгү жана түнкү стационарларды ыкчам түзө коюу мүмкүнчүлүгү бар. Булар июнь жана июль айларында натыйжалуулугун көрсөттү.
Августта өкмөт 1-октябрга дейре Кыргызстандын ооруканаларын үч айга жетерлик дары-дармек менен жабдууну пландап жатканы боюнча отчет берген. Ошондой эле балдарды дарылоонун өзүнчө ыкмалары иштелип чыккан.
Эгер экинчи толкун башталса, биринчи толкундун сценарийи боюнча Кыргызстан илдетти жеңип чыгары толук ыктымал. Бирок өтө катуулап кетсе медицина да, жарандар да жаңы көйгөйлөргө тушугат.
Августта 1 120 балага COVID жуккан. Бейтаптарды кабыл алчу ооруканалардын тизмеси
Айрым окумуштуулар пандемия үч толкун менен өтүп, келерки жылы гана басаңдайт деп эсептешет. Экинчи толкун биринчисине караганда катуу өтөрүн жоромолдогондор да жок эмес. Анткени, алардын пикиринде, узакка созулган обочолонууда адамдардын иммунитети чабалдап кеткен болушу мүмкүн.
Адистер экинчи толкун жок эле дегенде биринчисиндей болорун эске алуу менен максималдуу түрдө камылга көрүүгө чакырат.