Энергетиктерге тапшырма: жарык жана жылуулукка төлөмдөр 100 пайыз чогулсун!

Эмил Осмонбетов отун-энергетика комплекси боюнча ишканалардын жетекчилерин чогултуп, күз-кыш айларына даярдык жана парламенттик шайлоого карата участкаларды электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча кеңешме өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов отун-энергетика комплекси боюнча ишканалардын алдына бир нече тапшырма койду. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка караганда, төрага бул ишканалардын жетекчилерин чогултуп, күз-кыш айларына даярдык жана парламенттик шайлоого карата участкаларды электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча кеңешме өттү.

Ишканалардын алдына коюлган тапшырмалар:

  • Токтогул суу сактагычында сууну ырааттуу пайдаланууну камсыздоо;
  • Жылуулук жана жарыкка пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү 100 пайыз чогултуу;
  • Электр жана жылуулук энергиясындагы жоготууларды азайтуу;
  • Авариялык жана пландалбаган өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн бардык ремонт иштерин аягына чыгаруу.

Баткендеги Зардалы айылы электр кубаты менен камсыздалат. Сүрөттөр

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо талабы коюлду.