Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр

Криминалдык милициянын ыкчам тобуна болжол менен 20-25 жаштагы эркек кызыл китепке кирген жаныбардын терисин жанында алып жүрүп сатууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр

Криминалдык милициянын ыкчам тобуна болжол менен 20-25 жаштагы эркек кызыл китепке кирген жаныбардын терисин жанында алып жүрүп сатууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиционерлер шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, аны кармаган соң, чындап эле жанындагы сумкада тери бар экени аныкталган. Учурда тери кайдан алынганы иликтенип жатат. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдар изделүүдө.

Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 295-беренесине ("Мыйзамсыз аңчылык кылуу жана балык уулоо же суу жаныбарларын кармоо") ылайык сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү суракка алынган соң, чакырган учурда келүү милдеттемесин алып коё берилди.