Бишкектеги "Ак кула" ат майданы шаардын карамагына өттү

Ипподромдун жалпы аянты 57,4 гектарды түзөт. Ушу тапта муниципалитеттин карамагына 54 гектар жер өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ак кула" ат майданы толук бойдон мэриянын балансына өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги "Ак кула" ат майданы шаардын карамагына өттү

Вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасы боюнча Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы (ММБ) Нурдин Тынаев ипподромдун талаш участкаларын мэрияга өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөргөн. 

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын кызматкерлери менен жер тилкелерин аныктоо жана курулуштарды техникалык инвентаризациялоо боюнча иштер жүрдү. Өткөрүлгөн өлчөө иштеринин жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлк объектилерине мамлекеттик актылар жана техникалык паспорттор алынат", — деп белгиленет маалыматта.

Эске салсак, жалпысынан 57,4 гектар аянтты түзгөн ипподромго буга чейин жаңы идентификациялык коддор ыйгарылып, 39 менчик кыймылсыз мүлк бирдигине бөлүнгөн.

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар. Тизме жана даректер

Комплекстин мүлкү мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенине байланыштуу Ленин райондук прокуратурасы мэриянын чечимдерин жана менчик укугуна болгон мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сот органдарына 33 доо арыз берген.

Бир канча убакытка созулган соттук териштирүүлөрдөн соң ипподромдун 54,9 гектар аянты шаардын карамагына өткөн. Калган жер тилкелери боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатат.