Баткендеги Зардалы айылы электр кубаты менен камсыздалат. Сүрөттөр

"Ош электр" ишканасы тарабынан 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырымды түзгөн электр чубалгысын куруу маселеси негизги багыт катары каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Баткендин алыскы Зардалы айылына электр энергиясы жеткирилет. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Жакында эле "Улуттук энергохолдинг" мекемесинин төрагасы Айтмамат Назаров жана "Ош электр" ишканасынын директору Артур Жусуев Зардалыга барып жеринен таанышып, айылдыктарга электр энергиясын жеткирүү тууралуу маселени талкуулашкан.

Жыйынтыгында "Ош электр" ишканасы тарабынан 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым болгон электр чубалгысын куруу маселеси негизги багыт катары каралган.

Ошондой эле Зардалы айлында бардык үйгө 0,4кВ чубалгысы жана эки даана көмөк чордону курулат. Мындан сырткары, айылдан төрт чакырым алыс жайгашкан чек ара бөлүкчөсүнө бир көмөк чордону коюлуп, 0,4 кВ чубалгы тартылат. Алар "Ош электр" ишканасы тарабынан толук электр энергиясы менен камсыздалат.

Кыргызстанда элдин 76 пайызы гана электр кубаты менен туруктуу камсыздалган

Бул аракет өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылына карата аймактарды сапаттуу электр энергиясы менен толук камсыз кылуу максатында жүрүп жатканы айтылат.

Зардалы айылынын жашоочуларына электр жарыгы келгенге чейин күн нурунан кубат алып жарык берүүчү 20 даана батарея тапшырылды.