Путин Ургантты өзүнүн ок өтпөс Aurus автоунаасы менен "сейилдетти". Жылмайткан видео

Видеодо Путиндин август айында Крымдагы "Таврида" трассасынын бир бөлүгүн ачуу салтанатына барган иш сапары учурунда Aurus унаасын айдап бараткандагы кадрлар алынган.
Sputnik

Теле алып баруучу Иван Ургант Россиянын президенти Владимир Путин менен бир "автоунаада бараткан" тамашалуу ролик тартты. Роликти Биринчи каналдын эфиринен көрсөткөнүн РИА Новости жазды.

Видеодо Путиндин август айында Крымдагы "Таврида" трассасынын бир бөлүгүн ачуу салтанатына барган иш сапары учурунда Aurus автоунаасын айдап бараткандагы кадрлар алынган.

Монтаж чеберлеринин аракети менен жүргүнчүнүн ордунда Ургант болуп калган. Путиндин сөздөрүнө анын суроолорун ылайыкташтырып жасашкан.

Кемелер парады. Россияда Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилешти. Видео

Теле алып баруучу президенттин айып төлөп калбоо үчүн коопсуздук курун тагынуу зарыл деген сөзүнө "экөөнүн ортосунда ким биринчи тамашалуу сөз айтар экен" деген болжолу туура чыкканын билдирет.

"Сиз мени оздуңуз", — дейт Ургант.

Автоунаада жүрүп баратканда теле алып баруучу президентке АКШ лидери, доллар жана рубль жөнүндө бир нече куйкум сөздөрдү окуп берген. Бирок акыркы сөзү мамлекет башчыга "жакпай кеткенин сезген" Ургант ылдам жүрүп бараткан автоунаадан телеборбордун жанына келгенде секирип түшүп калаарын билдирген.