Дүйнөдөгү эң баалуу монета аукционго коюлду. Өзгөчөлүгү эмнеде?

Учурунда мындай тыйындан 1 758 даана жасалып чыгарылган. Анын ичинен бизге 130 даанасы гана жеткен. Мындай акчаны АКШнын ардактуу жарандары гана колдоно алчу.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Лас-Вегаста 1794-жылы чыккан күмүш доллар аукционго коюлду. Ал дүйнөдөгү эң баалуу тыйын болуп эсептелет. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлаган.

Билдирмеге ылайык, сатыкка коюлган тыйын — дүйнөдөгү эң биринчи чегилип жасалган доллар. Ошонусу менен нумизмат, коллекционерлер үчүн өтө баалуу. Тыйындын бир бетинде байыркы грек кудайларынын стили менен эркиндик көрсөтүлсө, бир жак бетинде бүркүттүн сүрөтү түшүрүлгөн.

"Учурунда мындай тыйындан 1 758 даана жасалып чыгарылган. Анын ичинен бизге 130 даанасы гана жетти. Мындай акчаны бардык эле адамдар колдоно алчу эмес. Алсак, АКШнын ардактуу жарандарына жана конгрессмендерге берилчү", — деп айтылат билдирүүдө.

Махатма Гандинин көз айнеги аукциондо 340 миң долларга сатылды

Сыягы, аукционго коюлган долларды президент Жорж Вашингтон кармаган.

2013-жылы күмүш доллар 10 миллион долларга сатылган. Эми 8-октябрда өтчү аукциондо ал мындан дагы кымбат сатылышы ыктымал экени божомолдонуп жатат.