ЕЭК Өзбекстанга ЕАЭБде байкоочу макамын берүү маселесин карады

Коңшу өлкө акыркы жылдары ЕАЭБ мамлекеттери менен кызматташуусун кеңейтип келет. 2016-2019-жылдары биримдик менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 60 пайызга чейин жогорулап, 8,4 миллиард долларды түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңеши өз жыйынында Өзбекстанга ЕАЭБде байкоочу макамын берүү боюнча Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин долбоорун карады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.

Эми акыркы чечимди биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары кабыл алат.

Өзбекстанга байкоочу макамын ыйгаруу өтүнүчү менен өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы, Беларусь жетекчиси Александр Лукашенкого кайрылганы маалым.

Пандемияда ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине кантип колдоо көрсөтүп жатканы айтылды

Коңшу өлкө акыркы жылдары ЕАЭБ мамлекеттери менен кызматташуусун тереңдетип келет. 2016-2019-жылдары биримдик менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 60 пайызга чейин жогорулап, 8,4 миллиард долларды түзгөн. Бүгүнкү күндө ЕЭАБ менен экономикалык алакасы тышкы сооданын 30 пайызын камсыздаса, ал эми айыл чарба продукциясын экспорттоонун көлөмү 75 пайыздан жогору.

Байкоочу макамы эмне берет?

ЕАЭБ тууралуу келишимдин 109-беренесине ылайык, байкоочу мамлекеттин өкүлдөрү биримдиктин жыйындарына катыша алат, бирок чечим кабыл алууда эч кандай укугу жок. Ошондой эле ачык мүнөздөгү документтерге ээ боло алат.