Ысык-Көлдө "Мак-2020" операциясында 208 тонна кара куурай жок кылынды

Кара куурайды жок кылууда химиялык, механикалык жолдор пайдаланылып, кээ бир жерде кол менен да үзүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз баңги соода, баңгизатка каршы "Мак-2020" аталышындагы операция жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында июнь айынан баштап сентябрга чейинки аралыкта жалпысынан 208 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Анда айрым аянттарда химиялык, механикалык жолдор пайдаланылып, кээ бир жерлеринде кол менен үзүлгөн. Атайын түзүлгөн 42 бригада аймактагы 60 миң гектардан ашык аянтты иликтөөгө алып, анын 380 гектарында кара куурай өсүп турганын аныктаган.

Бишкектеги үйлөрдүн биринде 5 килограммга жакын баңгизат табылды

"Мак-2020" операциясы мыйзамсыз баңги соодага бөгөт коюу, мыйзамсыз өстүрүү, жапайы кара куурай жана башка курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдүн өскөн жайын жок кылуу максатында уюштурулган. Учурда облустун аймагында "Мак-2020" комплекстүү операциясы уланып жатат.