Үгүт иштерин баштагандар салык төлөөнү унутпагыла. Салыкчылардын эскертүүсү

Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык тараптардын мыйзамдын сакталышы боюнча салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынары эскертилди.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардан тарта аталган процесске катышкандарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирүү таратты.

Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү жана башка адистерди, компанияларды же фирмаларды жалдашат. Ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн ЖМКларды колдонушат.

"Буга байланыштуу парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктө ишке тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер, шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана дагы башка тараптар", — деп айтылган маалыматта.

Үгүт кампаниясы учурунда саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү экени эскертилген.

Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме

"Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык саясий партиялар, компаниялар, уюмдар жана жеке адамдардын төлөмдөр боюнча мыйзамды сактоосу салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынарын  Салык кызматы эскертет", — деп айтылган билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 4-сентябрдан тарта, Жогорку Кеңешке аттанган партиялардын үгүт иштери башталды. Ал эми парламенттик шайлоо бир айдан кийин, тагыраагы, 4-октябрда өтмөкчү.