Медик, айдоочу, окуучу... Россияда алгач эмдөөдөн кимдер өтөрү айтылды

Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Министрлик вакцина алгач кимдерге сайылышы керектигин айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 4-cен. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча убактылуу сунуштардын сегизинчи версиясын жарыялады. Анын ичинде биринчи кезекте эмдөөдөн кимдерди өткөрүү керектиги айтылат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, вакцинациянын артыкчылыктуу тобуна төмөнкүлөр кирди:

  • медициналык уюмдардын бардык кызматкерлери;
  • билим берүү мекемелеринин кызматкерлери;
  • полиция кызматкерлери;
  • коомдук транспорттун кызматкерлери;
  • соодагерлер;
  • калкты социалдык жактан коргоо органдары;
  • коомдук тамактануу ишканаларынын жана көп адам менен түздөн-түз байланышта болгон уюмдун жумушчулары (мейманкана, чач тарач, химиялык тазалоо, банк, күзөт компанияларында жана башкаларда иштегендер);
  • мектеп окуучулары, колледж жана университеттердин студенттери;
  • аскерге барууга милдеттүүлөр.

Мекеме кошумчалагандай, COVID-19 менен буга чейин ооругандар дагы эмдөөдөн өтөт. Ал эми коронавируска антителосу жоктор вакцинаны шарттуу түрдө сайдырат.

Жириновский COVID-19га каршы вакцина алып, азыркы абалын айтып берди. Видео

Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дары иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталат.

Дарыны өндүрүүдө Россиянын Түз инвестициялар фонду да каржылык жардам көрсөткөн. Анын жетекчиси Кирилл Дмитриев учурда 20 өлкөдөн миллиард доза сатып алуу боюнча суроо-талап бар экенин билдирген.