БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. "Ташчайнар" каймана аты менен таанымал балбан Нурлан Алишеров оор абалда Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада жатат. Бул маалыматты аталган медициналык мекеменин ангионеврология бөлүмүнүн башчысы Абдусалим Артыкбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, Ташчайнар 2-сентябрда кечке жуук келип түшкөн. Абалы туруктуу орто деп бааланууда.
Дарыгер ракты чакыра турган ооруларды атады
"Нурлан Алишеровго алдын ала инсульт деген диагноз коюлган. Учурда томографияга тартылганы кеткен. Анын жыйынтыгы чыкса, оорунун так диагнозу аныкталат. Өзүн жакшы сезүүдө, сүйлөйт. Сол ыптасы иштебей жатат. Жандандыруу бөлүмүнө өзүнчө палатага жаткырылган", — деди Артыкбаев.
Дарыгер кошумчалагандай, балбан буга чейин гипертония, кант диабети сыяктуу оорулар менен жабыркап келген.
Нурлан Алишеров бир катар эл аралык шоу программаларга катышып, бири-бирине чиркештирилген ондон ашык унааны тиши менен тартып жылдырган, чекеси менен мыкты тактайга каккан өзгөчө өнөрү менен таанымал болгон.