Ууруну убагында токтотуп калган күзөтчү аял UFC уюмунда иштемей болду

Күзөтчүнүн ууру менен алышкан окуясы 2019-жылдын декабрь айында BestBuy аталышындагы электроника дүкөнүндө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Гавайи аралында жашаган күзөтчү аял UFC уюмунда иштөө сунушун кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун башчысы Дана Уайт өзүнүн Twitter-аккаунту аркылуу билдирди. 

​Эске салсак, ушул жылдын башында, тагыраагы, январь айында UFC уюмунун президенти Дана Уайт дүкөнгө кирип келген ууру менен алышып, бирок ишинен айрылып калган Саммер Тапаса-Сатаракага иш сунуштаган.

Күзөтчүнүн ууру менен алышкан окуясы 2019-жылдын декабрь айында BestBuy аталышындагы электроника дүкөнүндө болгон. Видеого күзөтчү аял товар уурдамакчы болгон кишини түрткүлөп, кармаша кеткени тартылып калган. Кийинчерээк ал компаниянын эрежелерин бузду деп иштен айдалган.

Күзөтчү аялдын жумуштан кетишине нааразы болгон Уайт январь айында аны UFC уюмуна жумушка чакырган. Тапас бул сунушту эми кабыл алып, уюмда иштеп баштамакчы.