7 млн. сомго оңдолгон Горький паркынан кемчиликтер табылууда. Сүрөт

Паркты жаңылоо иши шаар мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлгөн. Ага жергиликтүү бюджеттен жети миллион сом сарпталган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Баш калаадагы Максим Горький атындагы парк реконструкцияланып бүтө электе кемчиликтери табылып, аны четтетүү тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Мэрдин курулуш жана архитектура боюнча орун басары Уланбек Азыгалиев жумуштун бүткөнүн жана анын сапатын текшерип чыгып, кемчиликтерди тапты.

"Азыгалиев курулуштагы айрым кемчиликтерди таап, кээ бир жерлерге брусчаткаларды кайра төшөп, ирригациядагы майда мүчүлүштүктү четтетүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Паркта түркүн түстөгү жаңы брусчаткалар төшөлгөн. Ирригациялык системасы жаңыланып, суу лотоктору орнотулду.

"Чырактар коюлуп, жарыктандырылды. Отургучтар, таштанды челектер жаңыланган. Мурда орнотулган гранит бордюрлар калыбына келтирилип, бул аянттын көрүнүшүнө өзгөчө көрк берип калды", — деп белгиледи мэрия.

Бишкекте парктарда сейилдөөгө уруксат берилди. Дагы башка өзгөрүүлөрдүн тизмеси

Паркты жаңылоо иши шаар мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлгөн. Шаардык бюджеттен каржыланып, жети миллион сом сарпталган.

Жумуштарды "Береке Стрим" ишканасы жасаган.