Европадагы эң ири сойкукана COVID-19дан улам банкрот болуп жабылды

Pascha сойкуканасында 120дан ашуун кыз-келин төшөк кызматын көрсөтүп иштээри, алардан сырткары ашпозчу, укалоочулар бар экендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Германиянын Кельн шаарында жайгашкан Pascha деп аталган эң ири сойкукана коронавирустан улам банкрот болгондугун жергиликтүү Express басылмасы жазган.

"Бул эми ойго да келбеген иш болду. Шейшемби күнү жергиликтүү сотко кудуретсиздик боюнча арыз жазып тапшырдым" , — деген аталган сойкукананын ишин жөндөгөн башчысы Армин Лобшайд.

Өкмөт пандемия учурунда алардын ишине тыюу салгандыктан, карантин учурунда болгон каражаттарын жумшагандыгын айткан.

Сойкукананын кардарларын жашыруун видеого тартып жүрүшкөн. Өзбекстандагы окуя

Лобшайд эгерде келерки жылы "иш жанданып кетет" деген кепилдик берилсе, банкроттугун жарыяламак эместигин кошумчалаган.

Башкаруучу салынган тыюуларга карабастан, сойкулар ишин жашыруун болсо да баары бир улантып, бирок алар салык төлөбөгөндүктөрүн билдирген.

11 кабаттуу имаратта жайгашкан сойкуканада 120дан ашуун кыз-келин төшөк кызматын көрсөтүп, андан сырткары укалоочулар, ашпозчулар сыяктуу кызматкерлер иштээри айтылып келет.