Кыргызстанда Беслан окуясынын курмандыктары эскерилди. Сүрөт

Иш-чарада Бесландагы террордук актыда курман болгон кыргызстандык Андрей Вельконун мемориалдык тактасына гүл коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Жаны-Жер айылында Түндүк Осетиядагы Беслан окуясы эскерилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына уюштуруучулардын бири, "Славян маданият борбору" коомдук бирикмесинин башчысы Иван Иванов билдирди.

Иш-чарада Бесландагы террордук актыда курман болгон кыргызстандык Андрей Вельконун мемориалдык тактасына гүл коюлду.

"Аскер кызматкери Андрей Велько Кыргызстандын Жаңы-Жер айылында туулган. 2004-жылы Бесланда барымтада калгандарды террорчулардан куткарууда каза болгон. Ал жасаган эрдиги үчүн IV даражадагы "Мекен алдындагы эмгеги үчүн" ордени менен (өлгөндөн кийин) сыйланган. Андрейдин артында үй-бүлөсү, эки баласы калган", — деп белгиледи Иванов.

Эскерүү иш-чарасына жергиликтүү окуучулар, активисттер, "Славян маданият борбору" уюмунун мүчөлөрү, "Сорок Сороков" коомдук кыймылынын, РГО "Кыргызстан" жаштар клубунун жана мектептин "Патриот" тарыхый-мекенчил ийриминин окуучулары катышты.

Коомдук бирикменин башчысы иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турарын, анын максаты бул каргашада көптөгөн күнөөсүз жарандар каза болгонун эске салуу болуп саналарын айтты.

"Беслан" тасмасынын режиссёру: жаңы тарыхта мындай апаат болгон эмес

2004-жылдын 1-сентябрында Түндүк Осетия-Аланиянын Беслан шаарында Расул Хачбаров жетектеген террордук топ №1 мектепти курчоого алган. Анда 1 128 адам барымтада калган, алардын көпчүлүгү жаш балдар эле.

Аларга жегенге нан, ичкенге суу бербестен үч күн мектептин спорт залында кармашкан. Терактыда 335 адам мерт кеткен. Көз жумгандардын 318и барымтадагылар, анын ичинен 186сы жаш балдар болгон. 810 адам жаракат алган. Алар барымтадагылар, Бесландын жашоочулары, ФСБнын атайын кызматынын аскерлери, милиция жана аскер кызматкерлери эле.

Булар да бүгүн майрамдашмак... Кызматта жан берген УКМК кызматкерлери