БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысын паракорлукка шектүү катары колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Кабарда аталган мекеменин айрым кызматкерлери аймактык бөлүмдөрдүн адистеринен эмгек келишимин тоскоолдуксуз узартып берерин айтып акча каражатын талап кылып келгени айтылат.
УКМК кызматкерлери Россиядан уурдалган унаалардын тралын коштогону айтылды
"3-сентябрда директордун жардамчысы Ы.Р. кызматтык кабинетинен "Унаа" ишканасынын Бишкек шаары боюнча кызматкеринен 2 миң доллар алып жаткан учурда кармалды. Жардамчы аны көп убакыттан бери негизсиз эле кызматтан кете турганын айтып коркутуп жүргөн", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул схемага тиешеси бар башка кызматкерлер жана фактылар такталып жатат.