Жогорку Кеңешти шайлоодо канча партия ат салышары белгилүү болду. Тизме

4-сентябрь 00:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүттөө иштери башталат. Ал туура бир айга созулмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 15 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады.

Парламенттик шайлоого катыша турчу саясий партиялардын тизмеси:

  • "Ата Мекен";
  • Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы
  • "Бир Бол";
  • "Замандаш";
  • "Мекен Ынтымагы";
  • "Мекенчил";
  • "Ыйман Нуру";
  • "Республика";
  • "Реформа";
  • "Ордо";
  • "Мекеним Кыргызстан";
  • "Социал-Демократтар";
  • "Биримдик";
  • "Кыргызстан";
  • "Чоң казат".

Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин каттоодон баш тарткан. Себеби БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калган.

Мындан сырткары, "Актив" партиясынын талапкерлери да катталган эмес. Билдирмеге ылайык, алар съезд өтө турчу күн тууралуу кабар беришкен эмес. Мындан улам БШК мүчөлөрү ага катыша албай калышкан.

Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме

4-сентябрь 00:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Ал туура бир айга созулмакчы. Шайлоо башталарына бир сутка калганда партиялар үгүт иштерин токтотушу зарыл.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген.